Динар Турдугулова, журналист: “Депутат Эмиль Токтошев мас аялды тепкилейт элем деп айткан эмес”

“Азия Ньюс” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Эмиль Токтошевдин “…мен болгондо митингге чыккан мас аялдарды тепкилейт элем…”-деген маегин жарыялаган. Макала жарык көргөндөн кийин эл өкүлү менен маектешкен журналист Динар Турдугулова депутаттын маегин гезиттин редактору бурмалап, айтпаган сөздү өзү кошуп салганын билдирди.

“Депутат Эмиль Токтошевден болуп өткөн митинг тууралуу интервью алгам. Макала “Азия Ньюс” гезитинин бүгүнкү санына чыкты. Эртеден бери ушул маек боюнча ызы-чуу болуп атат. Анткени, ал жерде Токтошев айтпаган жана материалдын автору катары мен жазбаган сөздөр кошулуп кетиптир. Автор мен, бирок, менин автордук укугум бузулган, редактор Аслан Сартбаев макалага башка авторду, т.а. псевдоним коюп чыгарган. Эмил мырза “Мен болгондо Ак үйдүн астына келген мас аялдарды тепкилейт элем” деген сөздү айткан эмес. Менин вариантым өзүмдө сакталуу. Депутаттын сөзү бурмаланган.
Албетте, Токтошевдин жини келгенчелик жаман иш болду. Ким да болсо, айтпаган сөздү айттырганда жаны чыгат да. Гезитке чыккан маек, Токтошев айтты кылган тема коомчулукту дүрбөлөңгө салып, аны сындап жатышат.
Айтайын дегеним, ыңгайсыздык үчун Эмил мырзадан кечирим суроого даяр элем, бирок, мен бурмалаган жокмун, ашыкча сөз кошкон да жокмун. Ошентсе да кечирим сурайм. Ал эми Токтошев бул боюнча сотко кайрылганга акысы бар…”-дейт журналист.

Динар Турдугулова “Азия ньюс” гезитинде 4 жылдан берип иштегенин, ошол аралыкта Аслан Сартбаев бир нече жолу даярдалган материалды бурмалап салганын кошумчалады.

“Гезитте 4 жылдан бери иштейм. Жазган материалымды бурмалап салып, мени ыңгайсыз абалга калтырып кеткен учур көп болгон. Акыркы жолу Эмиль Токтошевдин маегине өзүнүн оюн кошумчалап салганы ашыкча болду. Мындан кийин ал гезит менен иштешүүдөн баш тарттым “-дейт Турдугулова.

“Азия Ньюс” гезити буга чейин бир нече жолу чиновник, мамлекеттик кызматтагы адамдар жөнүндө жалган маалымат таратып, сотто утулуп айып төлөгөн учурлары болгон. Гезиттин редактору ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановду итке салыштырып гезитине жарыялап, андан токмок жегени менен белгилүү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru