Добуштардын 60%ы саналып бүттү. Кайсы партиялар алдыда келе жатат?

БШК парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 61,23 пайызын кол менен санап бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.

Саат 9:20га карата 1 530 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматы каралууда. Бул 693 043 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт. Жалпысынан шайлоого 1 273 557 кыргызстандык катышкан.

Азырынча беш пайыздык чектен өтө алган партиялар:

  1. “Ата-Журт Кыргызстан” — 15.86 пайыз;
  2. “Ишеним” — 13.34 пайыз;
  3. “Ынтымак” — 12.61 пайыз;
  4. “Ыйман нуру” — 6.88 пайыз;
  5. “Альянс” — 7.41 пайыз;
  6. “Бүтүн Кыргызстан” — 6.27 пайыз;
  7. “Эл үмүтү” — 5 пайыз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru