Доллардын курсу дагы көтөрүлдү

Кыргызстанда доллардын курсу бир күн ичинде 1,5 сомго өстү. Бүгүнкү күндө коммерциялык банктар 82,9 жана 83,8 сомдон алып, 84,5 сомдон сатышууда. Эки аптанын ичинде баасы дээрлик 6,5 сомго жогорулап, 85 сомго жетти. Номиналдык баасы 82,2 сомду түзүүдө.

Рублдун дагы баасы өсүүдө. Бүгүн ал 1,02 жана 1,04 сомдон алынып жатса, сатуу 1,09 жана 1,11 сомду түзүп жатат. Ал эми расмий курс акыркы күнү тескерисинче төмөндөп, 0,46 пайызга ылдыйлап, 1,0389 сомду түздү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru