народный

“Достук” бекетинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды (ВИДЕО)

“Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагында системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери А.Д.М., Д.М.Т., Х.Р.Р., Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун түштүк аймагы боюнча башкы дарыгеринин орун басарынын милдетин аткаруучу Н.С.Т., “Достук” санитардык карантин пунктунун мурдагы башчысы А.З.Ж., ошондой эле “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы кызмат адамдарынын мыйзамсыз акча өндүрүүсүнө тиешеси бар ортомчулар С.А.Ж., А.Б.Т., кармалды.

Аталган адамдарга карата Ош шаардык соту тарабынан 24-июнга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru