народный

ДССУ Кыргызстанга гуманитардык жардам жиберет

Стамбул шаарында Саламаттыкты сактоо боюнча илимий кеңешинин жыйынынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ДСУнун Аймактык кеңсесинин башчысы Клюге менен жолугушту. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар ДССУнун аймактык кеңсеси менен Кыргызстандын саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Алымкадыр Бейшеналиев калктын ден-соолугун сактоодо жана чыңдоодо Кыргызстанга туруктуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн ДССУга ыраазычылыгын билдирди. Ханс Клюге өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигин ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи. «Жакынкы аралыкта Кыргызстанга дагы бир гуманитардык жардам партиясы жөнөтүлөт, ага жүрөк мониторлору, өзгөчө кырдаалдарда жараларды дарылоо үчүн комплекттер, хирургиялык маскалар, кол каптар, коронавирустук инфекцияны текшерүү үчүн керектелүүчү материалдар жана башкалар кирет. Жүк ташылып келе жатат жана жакынкы 10 күндүн ичинде Кыргызстанда болот », – деди Ханс Клюге.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru