Дубай авиакомпаниясы “Асмандагы ифтар” кызматын ачты

Дубайда Jetex жеке авиакомпаниясы Орозо айында “Асмандагы ифтар” деген жаңы кызматын жарыялаганын Haberturk билдирди.

Эки кишилик ифтар менюсу 18000 доллар (146000 дирхам).

Авиакомпаниянын билдиришинче, бул кызматка буйрутма берген кардарларды Jetex VIP терминалында айдоочусу бар унаа тосуп алып, учакка жеткирет.

Бүгүнкү күнгө чейин ифтар алдын-ала 15 адам тарабынан брондолгон жана Орозо айында түшкөн киреше кайрымдуулук уюмуга которулат деп айтылат сайтта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.