ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды тездетилген жана тоскоолдуксуз өткөрүү шарттарын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык контролдун кайталанма функцияларын жүргүзүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Өкмөттүн сайтында кабарланат.
Белгилей кетсек, мурда товарды коштоочу документтердин тизимине ветеринардык жана фитосанитардык контролдон өткөндүгү тууралуу маалымдама да кирген. Ошол эле учурда бул текшерүүлөрдү бажы чек арасын кесип өтүүдө да жүргүзүү керек болгон, бул ишкерлерге белгилүү ыңгайсыздыктарды жаратып келген.
Аталган көзөмөлдөн өтүү кайталанма мүнөзгө ээ болгондуктан жана ага көп убакыт талап кылынгандыктан, аны алып салуу тууралуу чечим кабыл алынды.
КРнын «Бир аялдама» принциби боюнча товарларды экспорттоонун бажы процедурасына уруксат берилген товарларды жана жаныбарларды автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу ташып өтүүдөгү мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлгөн процедураларды бир топ оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Бажы чек арасында радиациялык, чек аралык, транспорттук (автомобиль) жана бажы контролун жүргүзүүгө тыюу салынбайт.
Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.
Sign in
Sign in
Recover your password.
A password will be e-mailed to you.
Кийинки жаңылык