Эбегейсиз айсберг жарылып кетти

700×100 kyr

Аянты болжол менен 110 чарчы чакырымга жеткен ири муз Гренландиянын түндүк-чыгышындагы Арктиканын эң ири муз аянтынан бөлүнүп кетти. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирет.

Спутниктен алынган сүрөттөргө караганда, айсберг көптөгөн майда бөлүктөргө ажыраган.

Басылмада илимпоздордун Гренландияда тездик менен климаттын өзгөрүүсү болуп жатат деген сөздөрү тастыкталган. Окумуштуулардын айтымында акыркы 40 жыл ичинде ал жердеги атмосфера 3 градуска жылыган.

Өз кезегинде, океан тануучулар деңиз температурасынын жогорулагандыгын, бул муздун эришине алып келгенин эскертип жүрүшөт.

Маалыматтарга караганда өткөн жылы муз катмарында 530 миллиард тонна муз жок болгон. Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.