Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаров сунуштаган Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүмүн жактырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында, 87 депутат “макул” деп добуш берген.

Өлкө башчы Министрлер кабинетинин жаңы курамын бекиткен жарлыкка ылайык, Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Эске салсак, аталган кызматты буга чейин Жылдыз Бакашова аркалаган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru