ЕЭК бажы документтеринин түзүмдөрүнүн жаңы версияларын кабыл алды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы негизги бажы документтеринин структуралар топтомунун жаңы редакциясын жактырды. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди. Транзиттик декларация жана алардын ажырагыс бөлүктөрү жөнүндө – товарлар боюнча декларацияны жөнгө салуу жана бажы наркы жөнүндө декларация , ошондой эле товарларга декларация бергенге чейин товарларды чыгарууга арыздын түзүмүнүн жаңы редакциясы жөнүндө болуп жатканы белгиленди. Чечимдерде товарлардын изделиши, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жана төлөөчүлөрдүн жеке эсептери боюнча бажы документтерин толтуруу жол-жоболорундагы алдыдагы өзгөрүүлөр чагылдырылды. «Кабыл алынган чечимдер алдыңкы маалыматтык технологияларды практикага киргизүүгө негиз түзөт. Булар маркаланууга жаткан товарлар үчүн топтолгон кодду көрсөтүү, чет өлкөлүк юридикалык жак болуп саналган төлөөчүнүн документтери жөнүндө маалыматтарды тапшырууда маалыматтарды азайтуу, ошондой эле байкала турган товарлардын саны жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүгө болот. Бул жаңылыктар, албетте, бажы органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан операцияларды автоматташтыруу деңгээлинин жогорулашына, мындай операциялардын жөнөкөйлөштүрүлүшүнө жана алардын ачык-айкындуулугуна таасирин тийгизет ”, – деди Олег Панкратов, ЕЭК Бажы кызматташтыгы боюнча коллегия мүчөсү (министр). Чечимдер 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru