Эфиопия жарандык согуштун босогосунда турат

Эфиопия жарандык согуштун учунда турат. Эгемендүүлүктү кыялданган Тиграй аймагынын федералдык армиясы менен козголоңчуларынын тирешүүсү буга чейин аскердик кагылышууларга жана көптөгөн курмандыктарга алып келген.

«Биз бардык тараптарды сабырдуулукка чакырабыз. Биз борбордук бийликтер, Аддис-Абебадагы жетекчилик бул өлкөдө жарандык тынчтыкты камсыз кылуу үчүн Тиграй аймагы менен кошо ар кандай региондор менен иштөөнүн туура жолдорун же ыкмаларын табат деп ишенебиз», – деди президенттин атайын өкүлү Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрү боюнча РФнын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов.
Дипломат Россия бул өлкөдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту дайыма колдоп келгендигин белгиледи. Богдановдун айтымында, Москва “Эфиопия бийлиги менен байланышта”, ошондой эле Эфиопияда пайда болгон көйгөйлөр өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана биримдигин сактоо менен чечилет деп үмүттөнөт.

Ноябрдын башынан бери өлкө жарандык согуштун четинде турат. Эфиопия өкмөтү Тиграй аймагында алты айга чукул кырдаал режимин киргизди. Натыйжада ал жерде уюлдук байланыш жана Интернет өчүрүлдү. Премьер-министр Абий Ахмед аймакка көзкарандысыздык издеп жаткан Тиграйды боштондукка чыгаруучу Элдик Фронттун козголоңчулары Тиграй аймагындагы Эфиопиянын аскер базасына кол салгандыгы жөнүндө кабар тарагандан кийин аскерлерди мобилизациялоого чакырды. Бийликтин билдиришинче кол салгандар “Түндүк командачылыгынан артиллериялык окту жана аскердик техниканы уурдоого аракет кылышкан”.
Натыйжада аскердик тирешүү башталып, чыр-чатактын алгачкы күндөрүндө 500гө жакын аскер курман болгон. Бирок тирешүүнүн курмандыктарынын так саны азырынча белгисиз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru