Эки дөңгөлөктүн үстүндө чимириле бийлеген өзгөчө адам-(ВИДЕО)

Рысбаев Айбек 34 жашта,ал ДЦП оорусу менен ооруйт. Ооруганына карабай кол эмгек менен алектенип,өзүн өнүктүрүп келет. Учурда майда шурулардан сумка, кол кап ж.б. кооздуктарды жасап, көргөзмөгө катышат.

Акча таап баштап, эми такси менен жүрүп калдым жеп тамашалаган Айбек мырза иш-чараларга активдүү катышып келет. Ал бий өнөрүн жакшы өздөштүргөн. Сахнага чыгып, элдин алдында болгонду жактырат.

Айбек мырза мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шаардык реабилитациялык борбордун алгачкы тарбиялануучуларынын бири. Борбордо Социалдык ,психологиялык жана медициналык реабилитация иштери жүргүзүлөт. Андан тышкары, тарбиялануучулар үчүн жыгач устаканасы, тигүү цехи ачылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru