Эки күндөн бери мэриянын алдына чыккан активист кыз өзүнүн нааразычылдыгын билдирди

Бишкек шаарынын тургуну Чолпонай Жолчуева эки күндөн бери нааразычылык акциясына чыгып жатат. Ал муниципалитеттин кызматкерлеринин ишине нааразы экендигин билдирди. Жолчуеванын айтымында, шаардыктардын арыздары мэриянын администрациясына жетпейт, кызматкерлер арыздарды жаап салышат. «Мен бир нече жылдан бери электрондук почта аркылуу, социалдык тармактардан арыз жазып, мэрияга келгем. Эч ким реакция кылган жок. Бирок мен бул жакка чыксам эле, бардык кызматтардын кызматкерлери чуркап келишти », – дейт Чолпонай Жолчуева. «Активдүү жарандарга көйгөйдү белгилөөгө, өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк берилбейт. Бизди эч ким укпайт. Демек, бизде бир гана жол бар – же аянтка, же шаардык мэрияга плакат менен чыгуу”, – деп белгиледи шаар тургуну. Ошондой эле Чолпонай Жолчуева мэрдин кеңешчиси Гули Алмамбетованын функционалдык милдеттерине карата дооматтарын билдирди. «Келгиле, президенттин, премьер-министрдин, депутаттардын PR кеңешчилерин жалдайлы. Алар жылына эки жолу башчыларыныны сүрөтүн тартып, алардын ордуна интервью берет жолугушууларга катышышат жана Гуля Алмамбетовага окшоп шаар тургундарын үч тамга менен сөгүп жөнөтүшөт. Анан бийлик отурсун ”, – дейт Чолпонай Жолчуева. Мэриясынын басма сөз кызматы социалдык тармактарда борбор калаанын инфраструктурасына жана муниципалитеттин ишине нааразы болгон жарандардын билдирүүлөрүн бөгөбөй, өз убагында жооп бергенге аракет кылып жатышканын билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru