Эки унаа талкаланып,бирөөсү оодарылып кетти-(ВИДЕО)

Бишкекте Жукеев-Пудовкина жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа сүзүштү. Социалдык тармактарда жол кырсыгынын кадрлары пайда болду.Маалыматка караганда, эки унаа талкаланып, дагы бирөөсү  оодарылып кеткен.  Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.

«Кырсык бүгүн болжол менен саат 9.30да болгон. Lexus, Honda Fit жана BMW кагышкан. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатышат. Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок », – деп билдиришти башкармалыктан.

Белгилей кетсек, окуяга күбө болгондордун айтымында, унаалардын бирин башкарып бараткан кыз мас абалда болушу мүмкүн. Патрулдук милиция окуя болгондон кийин бардык керектүү экспертизалар дайындалат деп билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru