народный

Экономикалык мунапыстан канча миллион сом түштү?

Төрт кылмыш ишине тиешеси бар адамдар экономикалык мунапыс боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурушкан. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн билдирди.
Көзөмөлдөөчү органдын башчысы келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен төлөп берүүнү чечкендердин атын атаган жок. Анын айтымында, тергөөнүн сыры сакталып калууга тийиш.

«Буга катышкан төрт адам 382 миллион 533 миң 832 сомду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин депозиттик эсебине которушкан. Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер улантылууда », – деди Курманкул Зулушев. Эске салсак, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров экономикалык мунапыс жарыялаган. Анын айтымында, бул мамлекеттик бюджеттин ордун толтурууга, анын ичинде кошумча ресурстарды табууга, мурда биздин мамлекеттин чегинен тышкары мыйзамсыз экспорттолгон капиталды, анын ичинде оффшордук зоналарды кайтарып берүүгө жана бизнес коомчулугунун көмүскө ресурстарын укуктук каналга алып келүүгө жардам берет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru