Экотехинспекциянын мурдагы жетекчиси алты кызматкери менен камакка алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө экс-директор Ж.Джунушевдин жетекчилиги астында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндө туруктуу коррупциялык схеманы жок кылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди. Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жооптуу кызматкерлеринин ичинен 6 адамдан турган коррупциялык чынжырчанын бардык катышуучулары аныкталды, анын ичинен бөлүм башчы жана сектор башчысы. Кылмыш жасагандыгын мойнуна алышкан. Сотко чейинки процесстин материалдарынын алкагында, Мамлекеттик экотехинспекциянын экс-директору Ж.Джунушев ушул коррупциялык схеманы башкаргандыгы, ал мыйзамсыз алынган каражаттарды бөлүштүрүүдө системалуу негизде белгилүү бир бөлүгүн алгандыгы аныкталды. 2020-жылдын 20-октябрында Ж.Джунушев Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru