народный

Экс-депутат Эсенгул Исаков Тилек Токтогазиев жөнүндө пикирин билдирди

Экс-депутат Эсенгул Исаков “Коом press” сайтынын «Тилек Токтогазиевдин дайындалышына кандай пикирдесиз?»-деген суроосуна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирди:

“Айыл чарба министрин дайындоо саясый чечим болду деп ойлойм. Бирок айыл чарба тармагы кой кайтаруу эмес. Малга чабан болуу да чоң тажырыйбаны талап кылат, болбосо мал жоголот, арык болот, өлүмү көп болот дегендей. Өзүм чабандын баласы жана чабан да болгом. Ал эми айыл чарба министрлигинде 5-жыл кызмат кылдым, министр болуш да чоң тажырыйбаны талап кылат. Жаштар келип оңоп кетет деген жаңылыштык. Тилекке окшогон перспективдүү жаштарды кадрлык тепкичтерден өткөзүп анан министрге дайындаса туура болмок эле. Болочок министр толук өз программасын Эл өкүлдөрүнөн, өкмөттөн жактап өтүүсү керек. Тилекке каршы, отуз жылдын акыркы 15 жылында партиялар өз кызыкчылыгын көздөп, бийлик болсо тааныш турган куда деп же парага кызыгып дайындоо кылып келген үчүн агросектор оңолбой келет, менин өкүнүчүм ушунда”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru