Экс-депутат Зиядин Жамалдинов Ош облусун жетектемей болду

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты. Мамлекет башчынын Жарлыгы менен Ош облусунун башчысы болуп мурдагы депутат Зиядин Жамалдинов дайындалды.

Ош облусун буга чейин Жарасул Абдураимов жетектеген. Ал Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды.

Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин VI чакырылышында Өнүгүү-Прогресс фракциясынан депутат болгон. 2020-жылы августта депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган. 55 жашта.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту Президенттинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.

22-июлда президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.