Экс-каржы министри Бактыгүл Жээнбаева суракка чакырылды

Экс-каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди. Каржы министрлигинин экс-башчысы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин күбөсү экендиги такталды. «Бүгүн эртең менен ага чакыруу кагазы тапшырылып, күбө катары суракка чакырылды», – деп айтылат маалыматта. Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru