Экс-лидер “Замандаш” партиясын эмнеге тапшырып бергенин ачыктады

Жеңиш Молдокматов “Замандаш” партиясын чоң максаттарым болуп тапшырууга туура келди дейт. Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматов “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

–“Жакынкы күндөрү прогрессивдүү, конструктивдүү, жаңы генерациядагы муун менен чоң күч болуп чыгабыз. Учурда катуу даярдыктар жүрүүдө. Бул эл аралык партия десем болот. Анын мүчөлөрү абдан дүйнө таанымалы кенен, билимдүү жаштардан куралган. Мага ушундай сунуш болуп калгандыктан “Замандаш” партиясын өткөрүп берүүгө туура келди. Адамдар ар дайым өсүп туруу керек. Саясий партиянын жетекчиси катары өсүү бул чоң тажрыйба. Мен “Замандаш” партиясынан такшаалдым. Келечекте саясий күрөштөрдө азыркы тузүлүп жаткан партия менен болом. Парламенттик шайлоого дагы ушул партия менен депутаттыкка аттанам. Менин негизги максатым, мамлекетке чынчылдык менен, ак кызмат кылуу”,-дейт Молдокматов.

Leave A Reply

Your email address will not be published.