Экс-президент Роза Отунбаева ЛГБТ өкүлдөрүнүн жүрүшүнө катышат

Бүгүн, Бишкек шаарында Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында “аялдардын укугу” деген чакырык менен бейөкмөт уюмдар,  жарандык активисттер жана ЛГБТ мүчөлөрүнөн турган топ жүрүш жасайт.  Ага  Экс-президент Роза Отунбаева келип катышуусу күтүлүүдө.

“Коом.press” сайты экс-президентке телефон чалып бир нече жолу байланышууга аракет жасап, жооп ала алган жок.

Эскерте кетсек, бүгүнкү жүрүштү Кыргызстандагы “Феминисттер” уюмунун лидери Алтын Капалова уюштуруп жатат. Ал, “менин жатыным менин ишим”, “чай куйбайм, төрөбөйм,  турмушка чыкпайм”-деген чакырыктар менен 8-мартта ЛГБТ өкүлдөрүнүн жүрүшүн кылууга аракет жасаган.

Андан мурун Г.Айтиев атындагы сүрөт музейине энеден туума жылаңач аялдардын көргөзмөсүн өткөрүп, ага Роза Отунбаева катышкан.

Экс-президенттин мындай иш-чарага катышкандыгы коомчулукта катуу талкууга алынып, Отунбаева өзүнүн дарегине сын айтып жаткан элди “айылдык мырктар, жашоодон артта калып кеткен караңгылар” деп атаган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru