Экс-президент Роза Отунбаеванын энеси көз жумду

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын энеси Салийка Даниярова 28-июнда 95 жаш курагында дүйнө cалды. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери фондунун” маалымат кызматы кабарлады.

Маркумдун сөөгү 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлат.

Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районундагы Кеңеш айылында туулган. 40 жыл мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.

Жети кыз, бир уулдун энеси.

Leave A Reply

Your email address will not be published.