Эксперт: Борбор Азиядагы ири аварияга майнинг себеп болушу мүмкүн

Борбор Азиядагы энергошакекчеден чыккан аварияга криптовалюталардын майнинги да себеп болушу ыктымал. Мындай оюн РИА Новостиге берген маегинде “Стратегиялык иштеп чыгуу борбору” фондунун “Отун-энергетика комплекси тармагындагы экономика” багыты боюнча жетекчиси Александр Амирагян билдирген.

Эске салсак, 25-январда Борбор Азиянын бирдиктүү энергосистемасында алгачкы жолу масштабдуу өчүрүү болду. Авариядан улам Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын айрым шаарлары жарыксыз калган.

Эксперттин айтымында, алгач Казакстандын түндүк жана түштүк энергосистемасын байланыштырып, түштүк Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын чыгышын электр энергиясы менен камсыз кылган линия бузулган. Амирагян аварияга суук аба ырайы да себеп болушу мүмкүн экенине токтолгон.

“Бул жерде экономикалык автивдүүлүк басымдуулук кылат. Мындан улам суукта аталган региондо электр энергиясын пайдалангандардын саны өсүп, бул энергосистемада дисбалансты пайда кылган деп божомолдосо болот. Акыркы убакта Казакстанда активдүү өнүгүп жаткан криптовалюта майнинги да энергетикалык системага күч келтирет”, — деген адис.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru