Эксперттер Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча калыс чечим кабыл алууну өтүнүүдө

Тоо кен тармагындагы эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү Дүйшөнбек Зилалиевдин айланасындагы талашка байланыштуу ачык кайрылуу менен чыгышты.

“Дүйшөнбек Зилалиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине 2013-жылы келген. Анда аталган мекеме аткаруучу гана болуп, тоо кен тармагындагы саясатты Экономика министрлиги тейлеген. Дүйшөнбек Зилалиев мекемени жетектеген 5 жылда Кыргызстандын өндүрүш тармагында олуттуу өсүш көрсөтө алган. Ошентип, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 73 пайызга, негизги капиталга инвестициялар 57 пайызга өсүп, ИДПга карата тармактын дүң кошумча наркы 18,7 пайызды түзгөн.

Мындай маалыматтар Дүйшөнбек Зилалиевдин иш билги жана күчтүү менеджерлик деңгээлин ачык көрсөтүп турат. Кыска мөөнөттүн ичинде ал өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жогорулашына чоң салым кошту ”, – деп белгилейт эксперттер.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы лицензиялык комиссиянын төрагасы болгондуктан, лицензия берүү маселелерин жалгыз өзү чече алган эмес. Муну дээрлик бардык министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү кирген атайын комиссия жүргүзөт. Бирок, анын мүчөлөрү соттук отурумдарда сурала элек.

Мындан тышкары, берилген лицензиялардын көптүгүнүн өзү эле Дүйшөнбек Зилалиевдин кесипкөйлүгүнөн кабар берет. Ар бир лицензия бюджетке жана инвестицияларга мүмкүн болгон төлөмдөрдү түшүндүрөт, ошондуктан аларды кабыл алуу керек. Дүйшөнбек Зилалиев учурдагы лицензияларга жана алардын жүгүртүлүшүнө мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, мыйзамдарга толуктоолорду даярдап, бирок аларды ишке ашырууга жетишкен жок.

2016-жылы лицензиялоонун ачыктыгы боюнча Кыргызстан тоо-кен өндүрүүчү өлкөлөрдүн арасында дүйнөдө алтынчы орунду ээлеген. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, бул рейтингдеги акыркы орундарды ээлеп жатабыз.

Дүйшөнбек Зилалиев компанияларга лицензия берүүнүн негизинде мамлекеттик бюджетти толуктаган.

Кыргызстандын мыйзамдарында каралган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу, лицензияны пайдалануу, бонустар, социалдык жеңилдиктер, жер ижарасы, жер салыгы жана башка төлөмдөр Дүйшөнбек Зилалиевдин тушунда кыйла жогорулаган.

Андан сырткары, лицензиялоонун аукциондор жана тендерлер сыяктуу ачык-айкын жана түшүнүктүү түрлөрү киргизилген. Ага чейин лицензиялар акысыз берилип келген.

Бул системанын негизинде 2013-жылы бюджет дээрлик 10 миллиард сомго толукталган.

Дүйшөнбек Зилалиевдин аркасы менен жер казынасын коргоону көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү тутуму киргизилген. Мыйзамдуу түрдө ишкердик субъектилерине текшерүү жүргүзүү укугу 2014-жылы гана бекитилген, ал эми жер казынасын коргоо жаатында биринчи текшерүү 2015-жылдын октябрь айында гана жүргүзүлгөн. Ал жер казынасын пайдалануучулардын иши боюнча жергиликтүү калк арасында тынымсыз түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп келген. Жер казынасын иштетүүдө аткарып жаткан иштери жөнүндө элге дайыма маалымат берип турду.

Ушул иштин натыйжасында 2016-жылдын аягында Иштамберди кенинде биринчи жолу Доре эритмеси түрүндөгү коммерциялык продукция чыгарылган. 2012-жылы Караказык кенин иштетүү токтотулган. Жергиликтүү тургундар экологиялык стандарттар бузулгандыгын билдирген. 2015-жылы калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү жана айылдык кеңештин депутаттары катышкан сүйлөшүүлөрдөн кийин жергиликтүү калк ишти улантууга макул болушкан.

Беш жылдын ичинде лицензияны кармоодогу жыйымдардан бюджеттин кирешеси 24 эсеге өстү. 2012-жылы 16,8 миллион сомдон 2018-жылы 392,8 миллион сомго көбөйгөн.

Азыр бир катар маанилүү кендер компаниялар менен жергиликтүү калктын ортосундагы диалогдун жоктугунан, мамлекеттик органдардын кайдыгерлигинен руданы каза албай жатат. Мындай инвестициялык ийгиликсиздиктин негизги себептеринин бири – айлана-чөйрөнү коргоо, салык төлөмдөрү, жумушчу орундарын түзүү жана социалдык төлөмдөр жөнүндө калкка маалыматтын жетпегендиги деп билебиз.

Дүйшөнбек Зилалиевдин жардамы менен тоо-кен тармагындагы иштин ачык-айкындуулугу кыйла жогорулады. 2014-жылы биринчи жолу бенефициарларды ачыкка чыгаруу талабы коюлган. Жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн арыз бергенде, арыз ээси өзүнүн бенефициарлары жөнүндө маалыматты тиркөөгө тийиш болчу. Лицензия алгандан кийин жер казынасын пайдалануучу компаниянын акыркы ээлери жөнүндө жалган маалыматтарды берген факты аныкталса, жер казынасын пайдалануу укугу жокко чыгарылган.

Кендерди иштетүүдөн кийин рекультивациялоо маселеси негизинен чечилген. 2017-жылы жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча өзүнчө жобо иштелип чыгып, кабыл алынган. Ал жер казынасын пайдалангандан кийин гана рекультивациялоону жөнгө салат. Техникалык долбоордо рекультивациялоонун суммаларын үч жылда бир кайра карап туруу үчүн норма киргизилген, рекультивациялоодон кийин беш жылдык мөөнөттө милдеттүү мониторинг жүргүзүү каралган.

Мындан тышкары, кендерди жана концентраттарды ташып келүүнү жана экспорттоону көзөмөлдөөчү механизм киргизилген. Мыйзамда Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жана баалуу металлдарды камтыган кендерди, концентраттарды жана калдыктарды, аны менен кошо алынуучу металлдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү боюнча ченем камтылган. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алтын рудаларын жана концентраттарын экспорттогон компанияларды багытына карабастан бухгалтердик контролдон өтүүгө милдеттендирген талапты бекитти (ЕАЭБ мамлекеттери / үчүнчү өлкөлөр). Бул кендердеги жана концентраттардагы баалуу металлдардын камтылышын жана сатылган металлдын көлөмүнө жараша эсептелген салыктардын толуктугун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Дүйшөнбек Зилалиевдин аркасы менен Кумтөр кениндеги талаштуу маселелер чечилип, Жерүй кенин иштетүү боюнча тендер өткөрүлүп, «Кичи-Чаарат» ЖАК иштей баштаган жана бул тизмени дагы көпкө улантсак болот.

Берилген бардык маалыматтар Зилалиевдин тоо-кен тармагында тартипти орнотуу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдетти мыкты аткаргандыгын көрсөтүп турат. Дүйшөнбек Текшербекович эч качан жоопкерчиликти алгандан коркпогон адам. Балким, ошондуктан ага эң оор суроолор берилген. Ал чыныгы мамлекеттик ишмер, баарлашууда жөнөкөй жана боорукер, башка адамдар менен мамиледе, өз тармагында мыкты адис. Балким, ошондуктан Дүйшөнбек Зилалиев мамлекеттик кызматкерлер арасындагы бардык сурамжылоолордо биринчи орунда турган.

Биз Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин экс-башчысы Дүйшөнбек Зилалиевге байланыштуу соттук териштирүүлөргө эксперттик жана жарандык позициябызды билдирүүнү туура көрдүк.

Биз аны актоого, мактоого же жамандоо ниетибиз жок, бирок бир нече объективдүү фактыларды жана комментарийлерди бергибиз келет. Ал жөнүндө ММКларда жана сот иштеринде аз айтылып жүрөт. Бул биздин коом жана жаңы бийлик билиши керек болгон фактылар.

Бул жүйөөлөр укук коргоо жана сот органдарына, ошондой эле бийлик жетекчилерине туура жана салмактуу чечим кабыл алууга жардам берет деп ишенебиз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.