народный

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси келишимдик акчалар боюнча ата-энелерди жалган маалымат таратпоого чакырат

   koom.press сайтында жарыяланган макалалар боюнча ММК жана коомчулукка маалымат.

2020-жылдын 28-апрелинде Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесине карата айтылган туура эмес маалымат «koom.press» сайтында жазылып чыккан.
Бул жарыяланган окуялар боюнча «Сапат» ЭББМ төмөнкүлөрдү билдирет:

Бул макалада Муратбек Кубанычбеков аттуу жарандын балдары “Сапат” ЭББМ нин окуу жайларында окуганын билдирип, ушул окуу жайдын директорлору телефон чалып контракты толук төлөбөсөнөр дистанциондук окутууну токтотобуз деп билдирген. Биз аталган окуу жайлардын директорлорунан маалыматтарды тактап Муратбек Кубанычбеков деген ата-эне бизде жоктугун аныктадык. Муратбек Кубанычбеков аттуу ата-эненин балдары бизде окушпайт. “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесине Муратбек Кубанычбеков деген жарандын эч кандай тиешеси жок. Дистанциондук окутуу Zoom, Google Classroom жана башка программалар аркылуу үзгүлтүксүз өткөрүлүп жатат.

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси («Сапат» ЭББМ) 1992-жылы түзүлгөн жана өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө «Сапат» – 16 лицейди, Эл аралык “Ала-Тоо” университетин, “United World» мектебин, 4 толук эмес орто мектебин камтыйт. Бул макалаларда жазылган окуялар чындыка дал келбейт. Башкы дирекциянын буйругунун негизинде 4-чейректин сабактары ар бир окуучуга ондайн жана видео сабактар аркылуу өтүлөт. Окуучулардын сабактарга катышуусунун окуу төлөмдөрү менен эч кандай тиешеси жок. Лицейлерибизде балдарга жана ата-энелерге карата жасалган мамиле дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө. Окуучулардын ата-энелери дайым лицейге келип маалымат алып турушат. Ушул убакытка чейин окуучулардан же болбосо ата-энелерден эч кандай доо арыз түшө элек.
Кошумча белгилей кетчү нерсе учурдагы кырдаалга байланыштуу 4-чейректин эсебинен ата-энелерге окуу төлөмдөрүнөн жеңилдиктер каралган.

Эскерте кетсек,  “Коом press” сайты  бүгүн эртең менен “Сапат” билим берүү мекемесинде “акча төлөбөй койсоңор, балдарды окутпайбыз”-деп жатышат деген ата-эненин пикирин жарыялаган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru