Эл аралык валюта фондунун насыясы өлкө бюджетин колдоого жумшалат

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга бөлгөн насыя өлкө бюджетин колдоого жумшалат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган фонддун аткаруу кеңеши Кыргызстандын шашылыш жардам механизми боюнча кайрылуусун жактырып, 80,6 млн доллар бөлгөн. Ошондой эле тез насыялоо механизминин алкагында 40,3 млн доллар берилүүдө. Жалпы сумма 120,9 млн долларды түзөт.

Бул насыя жеңилдик шарттары менен берилгенин айтып өтөлү. Ал өлкө бюджетин колдоого жумшалат. Пандемиянын чыгышы өлкөбүздүн макро жана микроэкономикалык перспективасын алсыздандырды. Төлөм балансындагы ажырымды көрсөттү. Ал ажырым 400 млн доллар деп бааланууда”, – деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru