“Эл эмне дейт”- деген сөз тагдырымды талкалады

“Эл эмне дейт”- деген сөз тагдырымды талкалады. Мен 27 жаштамын, турмушка чыгам деген эч эле оюмда жок болчу. Окуу жайды бүтүрүп, өзүм кыялданган кесиптин адиси болуп, ак халатым менен элдин өмүрүн сактап калуу эле. Бирок 19 жашымда баары башка нукка бурулуп кетти. Анын себеби ала качуу…

Мен такыр тааныбаган, көрүп, билбеген эле адамдын аялы болуп калам деп эч эле ойлогон эмесмин. Алып кетем деп келген жеңелериме дагы жалбардым, жалындым апамдын бир конгуроосу баарын чечип койду. Апам “кызым эл эмне дейт? Сени ал жерден алып кетсем деле бир куйөөдөн чыкты дешет, аркаңан жаман сөздөр ээрчий баштайт.”-деген сөздөрүн аягына чейин уга алган жокмун.

Ошентип окутабыз, жыргатабыз деген сөздөр унутта калып, күнүмдүк жашоонун түйшүгү менен алышып жашап калдым. Арадан убакыт өтүп эки баланын энеси болгонумда жашоонун дагы бир соккусуна кабылдым. Көрсө жолдошум мага чейин үйлөнүп андан да эки баласы бар экен. Жолдошум “Аны менен ак сүйүүм менен үйлөнгөм. Балдарым да сүйүүдөн жаралган. Болгону апам келише албай койду. Сени апамдын эле мажбырлоосу менен алгам. Мени кечир. Кааласан бул жакта калып балдар менен жашай бер. Мен жардам берип турам. Бирок мен биринчи бүлөөмдү тандадым”-дейт. Кетип калайын десем кайненем менен апам сүйлөшүп алгандай кайтып келет кайра эле сага дешет. Апам баягы эле “ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ” жашап тур дейт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.