Элчи Эрик Асаналиев каза болду

700×100 kyr

Дипломат Эрик Асаналиев узакка созулган оорудан кийин 11-сентябрь күнү көз жумду, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Э.Асаналиев 1959-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Булуң айылында жарыкка келген. Дипломат катары эмгек жолун 1994-жылы баштаган. Маркум 1997-2001-жылдары Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси, 2010-2012-жылдары Кыргызстандын Беларустагы элчиси болуп эмгектенди.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.