Элдин алдында аялын жана анын көңүлдөшүн бычактап өлтүрдү-(ВИДЕО)

20-ноябрь күнү саат 18:00 чамасында Самарканд шаарынын Мирзо-Улугбек көчөсүндөгү соода борборлорунун биринде кош адам өлтүрүү болгонун STV  билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында,  эркек киши ашкана бычагы менен эркек кишиге жана аялга кол салып, аларга оор жаракат келтирген, андан кийин алар кан жоготуудан каза болушкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Пастдаргом аймагынын 42 жаштагы тургуну  аялы менен ойношун  аңдып жүргөн. Кызганчаак күйөөсү аялынын жоруктарын жана романтикалык мамилелерин эстеп, экөөнү тең эл алдында өлтүрүп салган.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдиновдун айтымында, 20-ноябрда Самарканд шаарынын прокуратурасы тарабынан Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн (атайылап өлтүрүү) “а, г” пункту боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru