Электр энергиянын тарифи качан өзгөрөөрү белгилүү болду

Электр энергиясына болгон тарифтер 2022-жылга чейин өзгөрбөйт. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова  билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын жаз мезгилинде өкмөт электр энергиянын жаңы тарифин бекитип берген. Ал 2022-жылга чейин өзгөрбөйт.

“Электр жарыгы 700 киловатт-саатка чейин колдонулса 1 киловатт-саат үчүн 77 тыйын төлөнөт. Тоолуу аймактарда ал чек 1000 киловатт-саатка чейин. Ал лимиттен ашса 2,16 сом төлөнөт. Калган абоненттер 2,24 сомдон төлөшөт. Ошондой эле балдар үйү үчүн жаңы тариф киргизилген. Алар 1 киловатт-саат үчүн 1,58 сомдон берет. Ал эми майнинг-фермалар 2,91 сомдон төлөшөт”, – дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.