народный

Журналист Динара Чокоева Элмирбек Иманалиевди эскерди…

Мындай эскерүүнү журналист Динара Чокоева өзүнүн жеке баракчасына жарыялап, көп нерселерди ачыктап берди:

(өзгөртпөй беребиз)

“Элмирбек байке мени “карындашым” дейт эле(апасы, чон апамдын байкесинин кызы болот), жердешим. Экөөбүз жанаша турган айылданбыз, ал – Чоңко, мен -Жетиген. Келинчеги Нурзат жеңе менен интервью алып жакындан таанышып калдым. Экөөбүз вотсап аркылуу дайыма сүйлөшүп турабыз. Былтыр мен балалуу болдум. Нурзат жеңе баламдын аты Элхан экенин угуп “биз да жакында балалуу болуп атын Элхан койдук. Кызым бөбөк суранып атканынан кыялын орундаттык. Жаш өткөндө төрөгөндөн уялып калат экенсиң, ошондуктан балалуу болгонубузду көптөргө деле айткан жокпуз” деген эле. Баласы Элмирбек байкеге куюп койгондой окшош. 1 жарым жашка чыккан Элханды эстеп жүрөгүм сыздап турат. Эч нерсени биле элек кезинде атасыз калды. Нурзат жеңе менен өткөндө эле сүйлөшкөм:

– Элмирбек байке Коронавируска байланыштуу ыр жазып атабы? Мындай оор кырдаалдарда сонун ырлар чыкчу эле го? – десем.

– Жөн эле ойлонуп, ары бери басып мамалактай жүрөт го. Ыр чыгарганын байкаган жокмун, тоготпой жүргөн. Азыр кичине сестенип, үйдөн чыкпай калды. Анткен менен Элмир өзүнө аябай ишенет, колдочуларым кучтүү деп. “Сеникине айтып кой, бизди деле колдой кетсин” дедим, “макул” деди. Карантинде Элмир мага китептерин алып чыга баштады “оку, акыркы күндөрү китеп окуганыңды такыр эле көрбөй калдым” дейт. “Төртөө менен кайдагы китеп” дедим” деп күлгөн. Жайбаракат жашоолору өтүп атканын байкагам. Мындай оор күн башка келээрин ким билиптир. “Бул ырды уксаң, байкең мага жазган” деп ыр жөнөтүп калчу эле, эх Нурзат жеңе кантип жалгыз калды экен… Арман күн. Ишенгим келбейт. Жүрөк жанчылып атат. Ач ажал… Ата энесинен бирдей айрылган Айзуура менен Сезимге, сүт оозунан кете элек Элмирбек байкенин кичинекей төрт баласына кыйын болду. Эх арман. Ишенбейм… Эмнеге мыкты адамдардын өмүрү аз болот? Сиз мыкты акын, мыкты талант эле эмес, МЫКТЫ АДАМ болчусуз. Элмирбек байкеден интервью алганда, бала кезде сууга түшүп кетип, өлүп кайра тирилгенин айтып калчу эле, ошентип кайра тирилип калсаңыз экен. Кара жерге кыял албай турат элиңиз”-деп жазат журналист.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru