Элмурза Сатыбалдиев: “Он жылда саясат – билимсиздикке өзгөрүптүр”
Бүгүн, 29-декабрда 7-чакырылыштын депутаттары ант беришүүдө. Журналисттер эл өкүлдөрүн маекке чакырып, суроо узатышууда. Бир мандаттуу Өзгөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге:
“10 жыл саясаттан тышкары жүрдүңүз, кандай өзгөрүү болуптур?”-деген суроого,
“Чоң өзгөрүүлөр болуптур, билимсиздикке, сабатсыздыкка жана тууганчылдыкка өзгөрүптүр”-деп жооп берди.