народный

ЭлТРде видео сабактар өтүлүп баштады

Керимбек Калыкулов, ЭлТРдин башкы директору: “Бул сабактар кырдаал турукташканча өтүлөт”

-Керимбек мырза, “Билим жана илим” каналыңыздар учурда балдарга онлайн сабак өтүлүүдө. Бул идея кимдики?

– Коронавирус дартына байланыштуу ызы-чуу башталып, балдар үйдө олтуруп калбадыбы. Андай учурда сабактардан артта калып калышпасын деп  билим берүү министрлиги менен биргеликте ушул теле берүүнү тартып баштадык. Буюрса жаман эмес, башталышы жакшы эле болду. Дагы тартылып жатат. Абал жөнгө салынып, балдар мектепке барганча бул иш уланат.

–Кайсыл мектептин мугалимдери сабак берүү теле берүүсүнө тартылып жатат?

-Министрлик өздөрү тандап берген мугалимдер эле сабак өтүп жатышат. Азыр башка предметтерден эмес, негизги тарых, математика, кыргыз-тилден сабактар өтүлүп жатат.  Кечээ биринчи жолу саат 9:00дөн, 13:00гө чейин бардык. Дагы убактысын тактап анан айтабыз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru