Эльвира Сурабалдиева алгачкы кадамдары тууралуу айтып берди

Вице-премьер-министр болуп дайындалган Эльвира Сурабалдиева алгачкы кадамдары кандай боло турганы тууралуу айтып берди.

«Мен социалдык тармактардын активдүү колдонуучусумун. Бүгүнкү күндө медициналык тейлөө боюнча кайрылуулар көп болуп жатат. Дарыгерлер жетишпейт, айрыкча аймактарда. Биз эмгек акы маселесин чечишибиз керек. Офлайн режиминде билим берүүнү калыбына келтирүү боюнча маселелерди чечүү керек. Ата-энелердин пикирин сурашыбыз керек. Жеке мектептер, эпидемиологиялык абалы ийгиликтүү болгон региондордогу мектептер балдарга кадимкидей эле сабак бере алышат «, – деди Сурабалдиева.

Сурабалдиева ишеним көрсөткөн колдоочуларына ыраазычылыгын билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru