Эльвира Сурабалдиева мандатын тапшырат
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева мандатын тапшырат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда белгилүү болду.
Ошондой эле, мандатты Садыр Жапаровдун жакын санаалашы «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев да өткөрүп берет.
Бүгүн БШК жаңы депутаттарга мандат тапшырат деп күтүлүүдө. Балким Сурабалдиеванын ордуна 1984-жылы туулган Ниязова Жылдыз Шайлообековна келиши мүмкүн. Ал эми Зулушевдин ордуна 40 жаштагы Самат Жекшеналиевич Исманов келиши керек.