Эльвира Сурабалдиева эмне үчүн вице-премьер-министрлик кызматка макул болгондугу тууралуу түшүндүрмө берди

Учурда бардык амбициалардан баш тартылып, иштеп баштоо керек. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кенештин экс-депутаты Эльвира Сурабалдиева билдирди. Сурабалдиеванын айтымында, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ага вице-премьер министр кызматтын сунуш кылганы. «Садыр Жапаровдон сунуш келди. Мен амбицияны азыр оор абалда турган өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору коюуга болбойт деп эсептейм. Эми өлкө жөнүндө гана ойлонуш керек – бюджеттин тартыштыгы 35 миллиард сомду түзөт, пандемия күчөп жатат. Мен макул болдум, менин максатым мамлекеттин жана кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштөө. Мен өз күчүмдү өз өлкөмө жардам берүүгө жумшайм », – деди Эльвира Сурабалдиева. Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин Конституциялык комитети вице-премьер-министр кызматына парламенттин мурдагы депутаты Эльвира Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru