Элзар Болотбеков, КРнын хоккей федерациясынын вице-президенти: “Хоккей чемпионаты өтпөй калганына кубандым”

–Элзар мырза, Кыргызстанда хоккей боюнча мелдеш өтпөй калдыбы?

  –Ооба, өлкөнүн, жарандардын коопсуздугу үчүн мелдешти өткөрүүдөн баш тарттык. Бир гана биздин эмес, пландалган баардык спорттун мелдештери өтпөй турган болду. Бул үчүн бир чети абдан сүйүнүп жатабыз. Чет өлкөдөн келген коноктордон коронавирус жугуп калса, абдан кыйын катастрофа башталат болчу.

–Федерация жалпысынан канча чыгым тартты?

–Аны коомчулукка жарыялабай эле коёлу. Чынын айтканда көп эле болду. Хоккей майрамын жакшы өткөрөлү деп каттуу даярданып, атүгүл демөөрчүлөр да мыкты колдоп берип жатышкан. Акчасы эч нерсе эмес, адамдардын коопсуздугу бизге маанилүү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru