Эми ар бир мамлекеттик кызматкер гимнди жатка билүүгө милдеттүү

Эми мамлекеттик кызматта иштегиси келген ар бир жаран өлкөнүн гимнин жатка билүүгө милдеттүү. Бул тууралуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо үчүн тестирлөөнүн жаңы программасы киргизилген.

Ошондой эле, тест тапшыруучулардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү жоопторун баалоо боюнча талаптар күчөтүлөрү айтылган. 2021-жылдан баштап тест тапшыруучулардан Мамлекеттик гимнди жана башка мамлекеттик символдорду билүү талап кылынат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.