Эмил Каптагаев Масадыковдун 2 кемчилигин атады

Президенттин орун басары болуп дайындалган Масадыков мырза өз компетенттүүлүгүн көрсөтө турган эки саамды өткөрүп жибердиби дейм. Биринчиси, Ташкенде өткөн Афган маселеси боюнча чоң жыйын, барып, катышып, маселедеги Кыргызстандын позициясын чийип көрсөтүп келсе дурус болмок. Экинчиси, Афгандан башын калкалап Тажик чегинен өтүп кеткен кыргыз боордоштор маселеси. Тышкы иштер министирлиги алакан жайып отурат: “…тажик коңшулар бизди тоотуп да койбой, кайрылууларга жооп да бербей, келгендерди кайра афган чегинен ары сүрүп салды…”- деп. Ушул жерде чечкиндүүлүк, компетенттүүлүк көрсөтүп, өлкөнүн позициясын коргоп алса дурус болмок. Дайындалганда эл катары мен да сүйүндүм эле…

Э.Каптагаев

Leave A Reply

Your email address will not be published.