народный

Эмиль Токтошев, ЖК депутаты: “Коронавируска байланыштуу чек-араны толугу менен жабууга чакырам”

Жогорку Кеңештин депутаты Эмиль Токтошев Кыргызстандын чек-арасын толугу менен жабууга чакырды.

“Дүйнөдө болуп жаткан коронавируска тиешелуу акыркы маалыматтарга ылайык Өкмөттү чек араны толугу менен жабууга чакырам!

Европа мамлекеттери коронавирусту ооздуктай албай, медицинасы да, экономикасы да, социалдык жактан да өтө өкүнүчтүү абалга дуушар болуп жатышат. Кошуна өлкөлөрдө, Россия, Казахстан, Узбекистанда күндөн күнгө ооруга чалдыккандар көбөйүүдө.
А бизде мектептерди, окуу жайларын жаап кою менен эле чектелип калдык.
Азыр биздин өлкөгө ар жактан кишилер эч тоскоолдуксуз эле кирип жатышат. Алар өздөрү сезбесе да ооруну таратуучу экенин билбей эле жүрүшү мүмкүн да.
Кандайдыр бир чара көрүш үчүн сөзсүз эле кишилер оорушу керекпи?
Эмнени күтүп отурабыз?
Бизге качан оору келет деп күтүп отурабызбы?

Элдин өмүрүн, ден соолугун, экономикабызды сактап калалы десек, анда алдын-ала чек араларды жаап, азыртадан өзүбүздү-өзүбүз тышкы оорудан изоляция кылышыбыз керек!”-дейт эл өкүлү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru