Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Партиялар биригүүгө даяр эмес”
–Эмил Токтакунович, президент парламентте сүйлөп жатып шайлоодогу 9%дык босого боюнча “партиялар азырынча буга даяр эмес”-деп айтты. Чын эле партиялар даяр эмеспи?
–Президент туура айтат. Кыргызда “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт”-деген сөз бар. 9%дык босогодон өтүү үчүн партиялар биригиш керек. Бирок биздин амбициясы аттын башындай лидерлер мындайда чогуу боло алышпайт. Андыктан 7%дык ченем туура. 9%дык босого менен шайлоого баруу партияларды ирилештирүү максат менен кабыл алынган мыйзам. Бирок азыр биздин партиялар биригүүгө даяр эмес.