Эмилбек Каптагаев: «Партиялар өздөрү бийлик болуп алышып, бийлик бизди куугунтуктап жатат деп бет тырмап атышат»

700×100 kyr

Саясатчы, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев айрым партиялардын кейпин, эки жүздүүлүгүн таамай айтыптыр.

“БИЙЛИК деген ким бүгүн Кыргыз Республикасында? Бул суроого ким болсун – Жогорку Кеңеш деп жооп берет. Ооба, анткени Жогорку Кеңеш мамлекеттик бийликтин орчундуу бутагы, анын ДЕПУТАТТАРЫ ошол бийликти ишке ашыруучулар, анткени алар Өкмөттү дайындайт, Сотторду бекитет, Баш прокурорду бекитет, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын 2/3 бөлүгүн аныктайт, мыйзам кабыл алат, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт, ыйгарым укуктары кенен.

Мына ушул БИЙЛИКТИН башында турган, а түгүл ошол Жогорку Кеңештеги Башкаруучу коалицияны түзгөн СДПК, Республика-Атажурт, Бирбол, Кыргызстан партияларынын учурдагы ДЕПУТАТТАРЫ эл менен жолугушууда “бийлик бизди куугунтуктап жатат, бийлик бут тозуп жатат, бийлик антип атат…минтип атат…” – деп ыйлактап, бийликке оппозицияда жүргөндөй түр көрсөтүшүп, шайлоочунун боорун оорутуп, добушун алуунун аракетин жасап жүрүшөт.

Менимче бул карандай эле бет тырмарлык, ууру “ууруну карма”, деп кыйкырып аткандай эле… жаңыча айтканда “чимкириктенүү”…

Өздөрү бийликтин башында отургандан кийин “бийлик антти, бийлик минтти”, деп кайпактатпай эле, элдин алдында ыйлактабай эле, бийликтин башында турган депутаттары катары ошондой кысымды ким, кайсы кызмат адамы жасап жатканын ачык айтып, а түгүл Жогорку Кеңештин жыйынын чукул чакырууну талап кылып, ошол жерде талкууга коюп, мыйзам алдында жоопкечилигин карашса туура болмок”, – дейт Каптагаев.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.