Эмне үчүн таттуу жесе тиш бузулат? Чарбадагы чала иштер

Эмне үчүн таттуу жесе тиш бузулат?  

Ойлоп көрсөңүз илгери ата-бабалар тишине азыркыдай кымбат баалуу паста, щётка, ополаскиватель сатып албай эле, тиш догдурга жумалап барбай эле тиштери тап-таза болгон. Тазалоо үчүн карапайым эл кадимки чөптөрдөн пайдаланып, суу менен эле чайкаган.

Анда эмне өзгөрдү деп ойлойсуз?

Албетте, тамак аш. Айрыкча таттуу жегенден тиш бузулат дешет. Эмне үчүн?

Интернеттен алынган

Фейсбукта, интернет колдонуучу бир жылдан бери “барит” деген минерал тууралуу жазып келет. “Органикалык таза минералды башкаларга ит бекер экспорттой бербей, өзүбүздүн элдин ден соолугу үчүн, өзүбүз колдонолу” –деген сунушуна жакында айыл чарба министрлиги жооп кайтарыптыр.

Анда, кант кызылчасын кайра иштетүүдө барит минералын колдонуу үчүн тийиштүү технологиялар, нормалар жана стандарттар иштелип чыга электиги айтылат.  

Куурулган кара патоканы актоо үчүн барит колдонулбайт.  Ушуга байланыштуу барит минералын кант кызылчасын кайра иштетүү тармагына колдонууга, тийиштүү нормалар, технологиялар жана стандарттар иштелип чыккандан кийин гана мүмкүн болоорун билдиребиз”-деп жазылып, министрдин орун басары Ж. Керималиев кол койгон.            18.12.2020

Эми сөз башынан болсун. Барит-деген эмне?

БаритBaSO4 минералдык зат. Аны алгач кагаз менен кездемени актоого колдонушкан. Учурда дүйнөдө бариттен эмаль, глазур, барит тузу, барит сульфаты, оптикалык линза алынат. Ал эми резина, желим, линолеум, кагаз жасоого кошумча каражат катары, ж.б. заттар үчүн кеңири колдонулат.

Барит

Биз бүгүн, сөз кылуучу таасири баарынан маанилүү десе да болот.

Интернет колдонуучу, Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын тургуну Кайырбек Коңурбаев барит тууралуу буларга токтолот.

Кант заводдору курулгандан  кара патоканы актоо үчүн, адамдын ден соолугуна зыяндуу, акиташтын суусу колдонушат. Бирок айла жок, башка актай турган нерсе жок болгондуктан колдонушат, бирок акиташты алмаштыра турган бариттин күлботосунун суусу бар. Бариттин күлботосунун суусун колдонсок кыргыз элинин ден соолугун сактап калууда чоң кызмат аткарган болобуз. Кыргыз элинин ден соолугу баарынан кымбат деп алдыга коюшубуз керек.  Жаш балдардан тартып, карыган адамдарга чейин 95 % тиштери түшкөн , кариес менен оорушат. Биз колдонуп жаткана кумшекер канттын составында акиташ  бар экенин көпчүлүк биле бербейт. Кондитердик жана кулинардык азыктардын баары акиташ менен акталган кумшекер кошулат. Аны жеген адамдын тиши түшүп, ичеги-карын ооруларына кабылат.  Биздин тоолорубузда  барит минералы бар” –дейт пенсионер Коңурбаев.

Ал ошону менен бирге Кыргызстандагы барит кендеринин айрымдарын тизмектеп өткөн.  Кочкордо Түндүк кени 100 000 тонна, Арсы кени 600 000 тонна, Жумгалда Чаек айылынын түштүк батышындагы Табылгыты кени 1 миллион тонна жана Боом капчыгайында даагы бар. Түндүк-Кыргоо кени Кум Дөбө айыл аймагында жайгаш.

Кыргызстандагы барит

Биздин тоолорубузда барит минералы бар, Кочкор районундагы Түндүк кенин Кытайдын Санхе компаниясы иштетип, аны Түркмөнстанга, Афганистанга жана Пакистанга сатып жатышат. Ал жактарда канты иштетүүгө бариттин порошогун колдонушат.Бул баритти иштетүүнүн лизенциясын коррупциялык жол менен тендерде колдоо көрсөтүп, Кытайлык компанияга сатып жиберишкен. Бул компаниядан лизенциясын алып, өзүбүздүң ишкерлерге бериш керек”-деп чакырык таштады.

“Колдо бар алтындын таркы жок”- демекчи, өзүбүздө бар байлыкты туура колдоно албай башка мамлекеттерге арзан сатып, алар иштеткен соң кымбат баада кайра сатып алып жүрө берет өңдөнөбүз.

Болбосо, ушунча маалыматты тизмектеп берип жатса, министрлик чет өлкөдө мындай технология жок деп жооп бермек беле!?

Бул теманы илим изилдөөчүлөр менен даагы да тереңирээк изилдеп, керек болсо ошол чет өлкөгө кыргыз технологиясын сунуштасак эмне үчүн болбосун?

Мейличи ага жетпесек, болгону ар бирибиз өз ден соолугубузга кам көрүп, эмне менен азыктанып жатканыбызга маани берели! Кайдыгер болбоңуз!

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru