Энергетиктер “Түндүкэлектр” ишканасына дайындалган жаңы директордун келишине каршылык билдирип, иш ташташты

Улуттук энергетикалык холдингдин имаратынын жанында энергетиктер жолугушууда. Видео Telegram каналында жарыяланды.

Алар “Түндүк электр” ААКтын жаңы башкы директору Улан Астаркуловдун дайындалышына макул эместиги, ошондуктан жумушка чыкпай жатканы белгиленди.

28-октябрда “Түндүк электр” ААКтын Директорлор кеңешинин чечими менен Доскул Бекмурзаев Акционердик коомдун башкы директорунун кызматынан бошотулган. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Улан Астаркулов “Түндүк электр” ААКнын жаңы жетекчиси болду. Чечим Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана “Улуттук энергетикалык холдинг” ААК менен макулдашылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru