Аленов Бахпурбек Абдыкарович «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына кабарлашты. Буга чейин ал жерде Дыйканбек Керимбаев редактор болуп иштеп жаткан. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койгон.