Эрмек Үмөтов Талас облустук медиа борборунун директору болуп дайындалды

Эрмек Үмөтов Талас облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койгон. Бул тууралуу аталаган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Үмөтов Эрмек Асанович – 1953-жылы туулган. Кыргыз Мамлекеттик университетин аяктаган.

1975-1977-жылдары Фрунзе Политехникалык окуу жайында окутуучу болуп эмгек жолун баштаган. 1977-1979-жылдары Нарын облустук “Нарын правдасы” газетасында адабий кызматкер, өнөр-жай бөлүмүнүн башчысы, 1979-1981-жылдары, 1981-1983-жылдары Талас облусунун Манас районунда Кыргызстан компартиясынын инструктору, 1983-1988-жылдары Манас райондук “Эмгекке даңк” газетасынын редактору, 1988-1991-жылдары Талас райондук “Эмгек шаңы” жана “Трудовая поступь” газетасынын редактору, 1991-2006-жылдары Талас облустук “Талас турмушу” газетасынын башкы редактору, 2006-2009-жылдары “Андаш майнинг компани” ишканасынын маалымат катчысы, 2009-2010–жылдары Талас облустук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниясынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп эмгектенген. Ал эми 2010-жылдан тартып ушул күнгө чейин Талас облустук телерадио компаниясын жетектеп келе жаткан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru