Эрнис Ашырбаев премьер-министрдин жардамчысы болуп дайындалды
Ашырбаев Эрнис Мирзараимович (1988-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду, – деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды.