Эртең Бишкектин бир катар көчөсүндө электр жарыгы болбойт

Адистер ал күнү электр түйүндөрүн жана подстанцияларды оңдоп, кошумча жумуштарды жүргүзөт.

Бейшемби күнү, 8-апрелде, Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунан кабарлашты.

Ал күнү адистер турак жайлар ортосундагы электр түйүндөрдө, подстанцияларда оңдоо иштерин жасамакчы.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Жантөшев, Матросов, Елецкий көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Малдыбаев көчөсүндөгү №46, Токтоналиев көчөсүндөгү №8 үйдө;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Лермонтов, Фрунзе, Целиноград көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 9:30дан 19:00гө чейин — 5-кичи райондун № 11, 11/1, 12, 14, 15, 17, 18, 19 үйлөрүндө;
  • 11:00дөн 14:00гө чейин — 6-кичи райондун № 2/1, 2/2 үйлөрүндө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.