Эртең Каныбек Осмоналиевдин баш коргоо чарасы каралат

Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов журналисттерге билдирди. Анын айтымында экс-депутат кечээки митингде  коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2-мартта Бишкек шаарында өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири — Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев жана активдүү катышуучу Д.А. кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармалгандар Жазык кодексинин 39-беренеси жана 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо») боюнча шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жыйынтыгында аларга аталган кылмыштарга шектелип жатканы жана баш коргоо чарасы боюнча билдирилет. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.Баш коргоо чарасы эртең 48 сааттан кийин сот тарабынан каралып, чара көрүлөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru