Эртең Марипов балдарга «Ачык сабак» өтөт

Эртең, 15-сентярда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусундагы мектептердин бирине барат. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Марипов балдарга «Ачык сабак» өтөт.

«Окуунун биринчи күнү балдардын эсинде калышы керек. Салтка айлангандай, бул күнү «Ачык сабактар» өтүлөт. Мен Чүйдөгү мектептердин бирине барып, балдарга сабак өтүүнү пландап жатам. Менин орун басарларым жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү башка мектептерде да сабак өтүшөт», — деди Марипов.

Кыргызстанда 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталат. Өлкө боюнча 159 миң бала 1-класска барат. Былтыркы окуу жылы пандемияга байланыштуу аралыктан өткөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru